Биз жөнүндө

Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндө Биз жөнүндөАхматбек Суюмбаев атындагы Орто-Алыш  мектебинин  тарыхы

Кызыл мектеп 

Биздин айылдын биринчи мугалимдери

Кыргыз жергесине Совет бийлигинин орношу менен маданиятты көтөрүү социалисттик  курулуштун маанилүү тармагы болгон.  Булардын ичинен эл агартуу биринчи орундага милдет катары аныкталган. Кыргызстанда 1918-жылдан тартып Элге билим берүү советтери  түзүлүп,  мектептерде билим  берүү иштери  колго  алынат. Сабатсыздыкты жоюу аркылуу калкты илим-билимге тартуу керек эле. Алсак 1925-жылы Кыргызстанда 1-баскычтагы 465 мектеп, бир нече 2-баскычтагы мектеп жана интернаттар иштеген.

Биздин айылда алгачкы мектеп болжол менен 1924-жылы август айында Сарман деген манаптын үйүндө уюштурулган. Айылдын биринчи мугалимдери Сары-Молдо жана Насир  аттуу ошол кездеги сабаттуу адамдар  болушкан. Мектепке адегенде10 окуучу 8бала, 2кыз тартылган. Алгачкы мектеп Орто-Алыш  айылынын төмөн жагынан орун алган. Атайын курулган  мектеп имараты болбогондуктан окутуу Тукмат, Кулакмат, Молдобай деген кишилерди үйлөрүндө жүргүзүлгөн. 1930-1932-жылдары башталгыч класстар ачылып, 1932-1933-жылдары айылдын баш жагына үч бөлмөдөн турган Орто-Алыш жети жылдык мектеби курулган. Согуштан кийинки жылдары ага дагы эки бөлмө уланган. Мектептин чатыры кызыл тунуке менен жабылгандыктан аны  “Кызыл  мектеп” деп аташкан. “Кызыл мектепке” Баш-Кара-Суу, Эркин, Кашка-Суу айылдарынан жогорку класстагы балдар да келип билим алышкан.

Ушул мектептин алгачкы  директору Айылчиев Күмүшбек агай болгон. Согуш мезгилинде жана андан кийинки жылдарда Атабаев Көрпөтай, Кожомуратова Кадипа, Өмүркулова Бүбүкан, Бөкөлөева Апарбүбү, Митешова Сакы, Дербишалиева Кадырбүбү, Рысалиева Батый өңдүү агай-эжейлер үзүрлүү эмгектенишкен.

Кийинки соңку жылдары Бакесариев Осмоналы, Карабаев Качкын, Абдылдаев Ж., Дербишалиев Эшимкул,Шаршеналиев Жаманкул сыяктуу  мугалимдер мектеп жетекчисинин кызматын   аркалашкан.

Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш учурунда колуна курал алып, өз Ата Мекенин коргоого аттанышкан агайлар Дербишалиев Эшимкул, Байжанов Казатбек, Токтоналиев Сандалбек, Шаршенбиев Жаманкул жана Таабалдиев Асанкул кайрадан сүйүктүү мектебине жана окуучуларына Улуу Жеңиш менен кайтып келишкен. Бакесариев Осмоналы Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон.

“Кызыл  мектептен ” үч айылдын жүздөгөн окуучулары уядан учуп чыгышты. Алардын бири кыргыздын чыгаан уулу Акматбек Сүйүнбаев болгон. Жылдар өтүп, мезгилдер алмашып  жашоо, турмуш өзөрүп баратты. Убакыттын өтүшү менен “Кызыл  мектептин” кичинекей имараты өз кучагына окуучуларын батыра албай калды.

                                                                  Жаңы мектеп

Өлкөдө 1955-жылдары чарбаларды ирилештирүү иштери башталат. Ошондо “Кашка-Суу”, “Башкара-Суу, Эркин жана “Орто-Алыш” колхоздору биринчи “ Кыргызстандын 25-жылдыгы ” атындагы колхоз болуп кайрадан уюшулган. Анын башкармагылыгына ошол кездеги “отуз миңчилерден” болгон Исмаилов Айдар шайланган. Мына ушул кишинин жетекчилиги астында 1964-жылы айылга жаңы сегиз жылдык мектеп салынып, кийин ал Орто-Алыш мектебине айланган. Орто-Алыш орто мектебинде Кашка-Суу жана Башкар-Суу айылынын окуучулары да келип окушкан.

Бул мектепте Байжанов Казатбек (1964-1967), Абиков Үкөн (1968-1969), Таабалдиев Асанкул(1970-1975),Жусупбеков Адыл(1976-1977), Эсеналиев Адбеш (1977-1978) жылдары директор болуп иштешкен.

Алдыңкы мугалимдер Кожомуратова Калдипа “Кыргыз ССРнин  Эмгек сиңирген мугалими” наамына, Насыркулова Турсункул  “Кыргыз ССРнин Эл агартуу отличниги” жана “СССРдин Эл агартуусунун отличниги” төш белгисине татыктуу болушса, Бербишалиев Эшимкул, Таабалдиев Асанкул, Калмурзаева Сүйүндүк, Рысбекова Бакыт” “Кыргыз ССРнин эл агартуу отличниги” белгисине ээ болушкан. Бул жылдар аралыгында мектеп уясынан миң деген окуучулар учуп чыгышты.  Аларга өз билимин жана татыктуу тарбиясын Митешова Сакы, Мурзалиева Айшакан, Сулайманов Бейшентай, Асанбаев Мүсүрбек, Бөкөлөева Апарбүбү, Леонтович Л.М, Калилова К.Х, Киселева Ф.С, Бейшебаев Докдурбек, Шакирова Тынаркул, Бессмертная Н.П., Омуржанова Жумасын, Абдырзаева Ажар, Садырова Гүлбара, Эсенаманова Гулмира, Таабалдиева Латипа, Айдаралиева Анипа, Кермалиева Жумагул, ж.б. беришкен.

Мектепте Кычын Жакыпов атындагы пионер дружинасы, комсомол комитети мектеп окуучуларын советтик чынчылдыкка, адептүүлүккө, эмгекке тартиялоодо чоң мааниге ээ болгон.

Мектеп айылдаштарбыздын “бактылуу балагыгынын” эстегиги катары түбөлүккө кала бермекчи.

             Акматбек Сүйүнбаев атындагы мектеп

Учурдагы мектеп 1979-жылы 3-майдан баштап  ишке киргизилген. Мектептин директорлору  Мамытов Абаскан (1979-1983), Шабданов Ашым( 1983-1985), Арзыкулова Токтокан (1985-1987), Алахунова Жыпара (1987-1989), Чопиев Токтобек(1989-1999) болушкан. Ал эми 1999-жылдан бери мектепти Кожомкулова Зейнеб жетектеп келет.

1994-жылы мектепте коомдук жана мамлекеттик ишмер, кыргыз элинин улуу инсаны Акматбек Сүйүнбаевдин ысымы ыйгарылган. Бул иште ошол кездеги жергиликтүү кеңештин депутаты жана мектептин директору Чопиев Т.Б. демилгечи болгон.

Мамлекетибиз эгемендүүлүк  алгандан кийинки жылдары мектепте көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Мектеп жетекчилиги жана жамааты эл аралык ПРООН, АРИС, Мерсико, АБР уюмдары менен иштеди. Алардын жана Каржы министрилигинин демөөрчүлүк жардамынын натыйжасында  мектептин чатыры жабылды, парталар жаңыланып, эшик, терезелер алмашылды, жылуулук системасы форфор каражаттарына которулду. Аристин каржылосу менен 2007-жылы бокс залы ачылса, ал эми 2011-жылы тренажердук жана гимнастикалык зал ишке киргизилди. Окуучуларга терең билим жана тарбия берүүдө мектеп мугалимдери ар дайым өз билимдерин жогорулатуунун үстүндө иштешет. Эл аралык британиялык “ IWPR” (2004), америкалык “ FACT” (2011) уюмдарынын программаларынын негизинде укуктук жана окутуунун интерактивдик алдынкы тажрыйбаларына ээ болушту. 2015-жылы “Ага- Хан” фондусунун каржылоосу менен ресурстук борбор ачылып, үй-бүлөлүк “ Бирге окуйбуз” долбоору боюнча ири иштер жүрүүдө.

Көп жылдык талыкпас эмгегинин натыйжасында Рыспекова Бакыт жана Жумаканов Болотбек  Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына, Кенжебаева Айгүл “Эмгектиги каармандыгы” медалына татыктуу болгон. Төлөгөнова Нурбүбү, Керималиева Жумагүл, Аманкулова Эркингүл, Итыгулов Төлөбек, Кенжебаева Айгүл, Алмашбекова Рахима, Чопиев Токтобек, Кожоева Керимкан, Бакесарива Анаркүл, Назылкулова Венера, Кожомкулова Зейнеб, Качкынбаева Айымкан, Мажиева Сайна, Базарканова Бактыбүбү, Акматова Айжамал  “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисин тагынышты. Бакесариева Анаркүл  “Профсоюз кыймылынын алдыңкысы” болду.

2003-жылы жалпы республикалык педагогикалык окууларда Качкынбаева Айымкан 1-орунга ээ болуп жеңүүчү аталган. Биздин мугалимдер “Жыл мугалими” райондук конкурсунда  да бир топ ийгиликтерди жарата алышты. Алсак Качкынбаева Айымкан жана Назылкулова Венера 1-орунду багынтышса, Алмашбекова Рахима жана Омуржанова Тамара, Ахматалиева Венера, Суералиева Аида конкурстун номинаттарынан боло алышты.

Мектеп ар дайым өзүнүн окуучулары менен сыймыктанып келет. Аларга Күмүш медалист Мукамбетова Римма, Кызыл аттестат ээлери Абжалова Эркинай, Акжигит кызы  Айназик, Абдырахманова Чолпон, Мандыбаева Динара, Нурбекова Салтанат жана Адыл кызы Айгерим жана мектептин алдыңкы президенттери Алыбаев Адилет жана Акбаралиев Русланды кошууга болот.

Биз өзүбуздүн агай-эжелерибиз, окуучуларыбыз жана мектебиз менен ар дайым сыймыктанабыз.

 

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

                 

              Мектептин гимни

                                                 Сөзу, обону: Итигулов Төлөбек

                           I

Экинчи үйүм жандай коргон мектебим,

Билим үчүн сенден алыс кетпеймин.

Акыл эмгек, тарбия алып өзүндөн,

Унутпаймын агай – эжей сөздөрун

                 Кайырма:

Ала – Тоонун боорунда

Ала- Арчанын боюнда

Бой жетилип өсөлу

Байтик бабам жолунда.

                     II

Сыймыктанам өзүң үчүн мактанам,

Канча жандыр эшигиңди аттаган.

Билим алып сонун жылуу койнуңдан,

Канча уул кыз бир өзуңдөн баркталган.

                 Кайырма:

                    III

Атын бергшен Сүйүнбаев атанын

Мектебинде талбай окуп жатамын.

Жолун улап ушул бийик инсандын,

Биз алалы ушулардын батасын.

                 Кайырма:

 

 

 

На этой странице возможно добавить: