А.Суюмбаев атындагы Орто- Алыш жалпы билим берүү орто мектебинин усулдук кеңеши тууралуу
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
- А.Суюнбаев атындагы Орто — Алыш жалпы билим берүү орто мектебинин усулдук кеңеши мектептеги тажырыйбалуу, чыгармачыл , изденүү менен иш алып барган, заманбап педагогикалык технологияларды мыкты өздөштүргөн мугалимдерди бириктирген тобу болуп эсептелет. Кеңеш мектептин администрациясынын буйругу алдында түзүлөт.
- Кеңештин ишинин багыттарынын тизмесин мектептин директору жана окуу бөлүмүнүн башчысы аныктайт.
- Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, кесиптик орто билим берүү тармагындагы башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобого таянат.
- Кеңештин ишинин негизги принциптери демократиялуулук, коллегиялуулук, ачыктык жана айкындык болот.
- Кеңештин чечимдери өзүнүн иш планына ылайык кабыл алынат жана сунуш мүнөзүндө болот.
- Негизги максаттары жана милдеттери
- Кеңештин негизги максаты — илимдин, маданияттын, техниканын жана технологиянын өнүгүү тенденциясын эсепке алып, мугалимдин, окуучунун кызыкчылыгы менен шайкеш келгидей, билим берүүнүн сапаты, мазмуну жана түзүлүшү боюнча окутуу, тарбиялоо ишмердүүлүгү жогорулатуу сунуштарын иштеп чыгуу.
- Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
— Окуучуларга билим жана тарбия берүүдө рационалдуу усулдарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
— мектепте окуучулардын билим сапатын жакшыртуу максатында билим берүүнүн эквиваленттүүлүгүн камсыз кылуу;
— Мугалимдердин билимин өркүндөтүүсү үчүн жаңы шарттарды түзүү жана мугалимдин чыгармачыл тобун жетектөө;
— Жаш кадрлардын педагогикалык ишмердүүлүктөн эмнелерден кыйналарын табуу жана билим берүүнү өркүндөтүү, жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
— Окуу процессинин окуу-методикалык адабияттар менен жабдылыш абалына талдоо жүргүзүү;
— Алдыңкы мугалимдердин тажырыйба алмашуусун уюштуруу;
— Мугалимдин билимин өркүндөтүүсү үчүн жаңы шарттарды түзүү жана мугалимдин чыгармачылык тобун жетектөө;
— Жалпы билим берүүнү өнүктүрүү маселеси боюнча мугалимдерге тесттик иштерди көбүрөөк түзүү жана жүргүзүү сунуштарын киргизүү;
— Билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатына мониторинг жүргүзүү.
- Функциялары жана укуктары
- Кеңештин функцияларына төмөнкүлөр кирет:
— Окучулардын билим сапатын жогорулатуучу тесттердин, диагностикалардын, күндөлүк сабактардын пландарын түзүүгө катышат;
— Жаңы технологияларды өз сабагында пайдаланат, өз билимин өркүндөтөт;
— Мектепте өткөрүлүүчү предметтик олимпиадага тапшырмаларды, тесттерди түзүүгө көзөмөлдүк кылат;
— Мектепте билим берүү программалары боюнча окуу китептерди жана окуу куралдарды карап чыгууга жана алардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештигин экспертизалоого катышат.
- Өз милдеттерин жана функцияларын натыйжалуу аткарыш үчүн кеңеш төмөнкү укуктарга ээ болот:
— окуу китептерин, окуу-методикалык адабияттарды жана окуу процессинде колдонулуучу аудиовизуалдык каражаттарды сабакта мамлекеттик стандарттын талаптарына туура келишин карайт;
- Мектеп жетекчилигинин тапшырмасы боюнча усулдук кеңеш:
— окуу процессин, окутуунун технологиясын жана окуучулардын билимин текшерүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— мугалимдерди аттестациялоонун (аккредиттөөнүн) критерийлерин иштеп чыгууга катышат.
- Ишти уюштуруу
- Кеңештин ишин директордун буйругу менен бекитилчү төрага жетектейт, ал Кеңештин персоналык курамын түзөт, Кеңештин адистиктер боюнча ишин координациялайт, алдыңкы чыгармачыл кесипкөй мугалимдердин тажырыйбаларын жайылтууга шарт түзөт;
- Кеңештин курамына тийиштүү профилдердеги окутуу программаларын ишке ашыруучу тажырыйбалуу мугалимдер кирет.
- Кеңештин төрагасы мектепте билим берүүчү мугалимдер боюнча усулдук секцияларды түзөт.
Кеңештин төрагасы дайындачу секция жетекчилери секциялардын кеңешке тапшырылган милдеттерди аткаруу боюнча ишин түздөн-түз жетектешет.
14. Кеңеш ишин өзүнүн иш планына жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мектеп жетекчилиги бекиткен иш регламентин
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета