Этникалык жана корком иш-чаралар
А.Суюмбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинде 2018-жылдын 5- март күнү “Ак калпак” күнүнө карата чакан иш чара өткөрүлдү.
А.Суюмбаев атындагы Орто-Алыш жбб орто мектебинин окуучулары, “Сары Өзөн чолпондору -2018” жылдын кароо сынагында Нур-Адем бийчилер тобунун “Казак бийи” райондук турдан 2-орунга ээ болду
А.Суюмбаев атындагы Орто-Алыш жалпы билим берүү орто мектебинде, 23-сентябрь Мамлекеттик тил майрамына карата бекитилген планга ылыйык «Улут болсом-тилим менен улутмун» деген темада иш чара өткорүлдү. Бул иш чарага 2-4класстар Дубал газета “Эне тилим-эне сүтүм” 5-8класстар Слайд “Улут болсом –тилим менен улутмун” 9-11класстар Дил баян 2-11класстар Көркөм окуу жана ошондой эле ар бир класс жетекчи “Улут болсом тилим менен улутмун” деген темада класстык тарбиялык саатарды өткөрүштү.
А.Суюмбаев атындагы Орто-Алыш жалпы билим берүү мектебинде, 19-март күнү “Нооруз- 2021” деген темада иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарага 11- классынын окуучулары жана класс жетекчиси Ахматалиева Венера Канатбековна даярдык көрүшкөн, иш чарада окуучулар Нооруз майрамы боюнча көркөм окуларын, ыр- бийлерин, кыргыздын каада салттарын аткарышты. 5-11- класстары дубал газеталарды чыгарышты, ар бир класс жетекчи тарбиялык саатарды өткөрүштү, улуттук оюндарды ойнотушту.
А.Суюнбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинде, 21-февраль Бүткүл дүйнө эне тилдеринин күнүнө карата «Тил улуттун жаны» деген темада иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарага 8- 11- класстарынын окуучулары даярдык көрүшкөн, иш чарада окуучулар дүйнө элдеринин ыр- бийлерин аткарышты. Ал эми 5-11 класстары дубал газеталарды чыгарышты, класс жетекчилер тарбиялык саатарды өтүштү.
Комментарии